Конституциялык палатанын судьясы Жумадил Макешовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Жумадил Макешовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечим бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Жыйында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Муканбет Касымалиевдин судья Жумадил Макешовдун каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча кайрылуусу каралды. Депутаттар маркумдун ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча токтом кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан