Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги карылардын жатак-үйүндө болуп, ал жерде күн кечирип жаткандарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Жолугушууда Сариева карыларга ар дайым кам көрүү зарылчылыгын баса белгиледи. Өкмөт өкүлү карылар үйүнүн, карыларга берилчү тамак-аштын абалы менен да таанышып чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер жатак-үйүндөгү жашоо шартты жакшыртуу боюнча тармактык министрликке тапшырма бергени айтылды.