Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин аппаратынын жана Иш башкармалыгынын ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин аппаратынын жана Иш башкармалыгынын ардагерлери – парламенттин мурдагы чакырылыштарындагы кызматкерлери менен жолугушту. “Сиздер өз эмгегиңиздер, турмуштук тажрыйбаңыздар менен эгемен мамлекеттин калыптанышына зор салым коштуңуздар. Сиздердин мээнетиңиздерден улам өлкөбүздө баары бар. Дал ушул сиздердин муун республикадагы негизги объектилер менен маанилүү курулмаларды салышкан. Андыктан биз сиздердин эмгегиңиздерге, келечек муунга болгон камкордугуңуздарга ыраазыбыз”,- деди спикер.

Төрага өз куттуктоосунда социалдык-экономикалык маселелерге токтолуп, өлкө жетекчилигинин астында карыяларды, пенсионерлерди татыктуу турмуш менен камсыздоо милдети тургандыгын белгиледи. Ал 2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсия 10 пайызга көтөрүлөрүн, кийинки жылы пенсияны жылына эки жолу көтөрүү боюнча чаралар көрүлө турганын айтты. Төрага меймандарга узун өмүр, бакубат турмуш каалады.

Ардагерлер үчүн майрамдык сый тамак уюштурулуп, акчалай белектер берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан