Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору боюнча өкмөттө жыйын өттү

Бүгүн, 1-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында жер тилкесин бөлүү, медициналык жана өрткө каршы пункттарды уюштуруу, кыргыз тараптын милдеттенмелерди аткарышы талкууланды. Вице-премьер долбоорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи.

“Бул объект абдан олуттуу жана татаал. Эгемендүүлүк жылдары биз Кыргызстандын жаңы мыйзамынын алкагында мындай объектилерди кура элекпиз. Мамлекеттик органдардын ведомство аралык иштери долбоорлоо жана курулуш иштеринин алдында жүрүүсү зарыл жана биз ишти аткаруу графигинен артта калбашыбыз керек",- деди өкмөт өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан