Кыргызстанда 1-октябрга карата 12 773 абоненттин электр энергиясын колдонуудагы 3 фазасы өчүрүлдү. Муну бүгүн, 2-октябрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги кабарлады. Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө электр кубатын 3 фаза менен колдонгон 125 285 абонент бар. Булардын 77 799у электр жылыткычтарын колдонору айтылды. Жылуулук үчүн 3 фазасы өчүрүлгөндөрдүн 11 654ү жеке үйлөр. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар канча абоненттин 3 фазасын өчүргөнү төмөндө:
"Түндүк электр" - 5308 абонент
"Чыгыш электр" - 3418 абонент
"Ош электр" - 2400 абонент
"Жалал-Абад электр" - 528 абонент
Айта кетсек, үйлөрдү же мекемелерди жылытуу үчүн 3 фазаны колдонууну токтотуу тууралуу өкмөттүн токтому 2014-жылдын 4-сентябрында чыккан.