Кыргызстанда билим берүү тармагынын мыктыларын аныктоо сынагы 7-8-октябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги окутуучулардын чыгармачылыгын тереңдетүү, мугалимдер жамаатына стимул берүү багытындагы мындай сынак жылда өтүп жатканын эске салат. Сынакта төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
"Жылдын мугалими" (3 номинация боюнча)
"2014-жылдын мыкты мугалими"
"2014-жылдын мыкты мектеби"
"2014-жылдын мыкты бала бакчасы"
"2014-жылдын мыкты мектеби" сынагы 2 номинация боюнча аныкталат:
"2014-жылдын мыкты инновациялык мектеби"
"2014-жылдын мыкты айылдык мектеби".
Сынакка шаардык, облустук сынактарда жеңүүчү болгондор катышмакчы. Жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар жана ири суммадагы акчалай байге ыйгарылат (жалпы байге фонду 837 миң сом). Байге ээлерин сыйлоо аземи 9-октябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.