“Азыркыдай иштеп жаткан өкмөттүн кереги жок”,- деди депутат Исмаил Исаков 2-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында. Анын айтымында, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ишин эптей албай жатат. “Өкмөттүн электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү боюнча токтому сот тарабынан “мыйзамсыз” деп табылып, жокко чыгарылды. Тарифтерди мыйзамсыз көтөрүп жаткан өкмөттүн эмне кереги бар? Жоомарт Оторбаев бүгүн эле иштеп жаткан жок, вице-премьер болуп да иштеди. Мен өкмөттү кетирүүгө чакырам”,- дейт Исаков.