Депутат Карганбаек Самаков бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттү Нарын, Алай, Чаткал сындуу бийик тоолуу аймактарда электр энергиясы боюнча 3 фазаларды өчүрбөөгө чакырды. Анын айтымында, эл электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп жатат. “Эгер 3 фазалар өчүрүлө турган болсо, ал аймактардагы электр көмөк чордондорунун баары жазга жетпей иштен чыгат”,- дейт Самаков.