Депутаттар өлкөдөн сыртка бензин чыгарууну токтотууну сунушташууда
"Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү "Жунда" заводу толук бойдон Ооганстан менен Тажикстанга иштеп жатат",- деп билдирди парламенттин 2-октябрдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров. Кыргызстанда бензиндин баасы кымбат болуп жатканда, заводдон өндүрүлгөн продукциянын өлкөдөн сыртка чыгып кетиши туура эмес экенин айтат депутат. "Өлкөдө өндүрүлгөн бензинди гана эмес, сырттан Кыргызстанга кирген бензинди да сыртка чыгарууга тыюу салышыбыз керек. Же бажы алымдарын кымбаттатып салалы. Төрт айда 10-20 тыйындан кошулуп отуруп бензиндин баасы 30 пайызга кымбаттады. Элдин арасында социалдык чыңалуу пайда болууда",- деди Кочкоров.