Депутаттар Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисине чара көрүүнү талап кылышты

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева өкмөттөн Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновго чара көрүүнү талап кылды. Анын айтымында, парламент депутаттары ушул жылдын июнь айында Кореянын бийлик өкүлдөрү менен жолушмак. Бирок элчиликтин кайдыгер мамилесинен улам белгиленген жолугушуу артка кайтарылып калган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кореяга жасаган иш сапарынан кийин эки тараптуу кызматташуу жакшырып калган эле. Биз ал жактын депутаттары менен бир катар маселелерди талкуулоо үчүн жолугушмакчы болгонбуз. Тилекке каршы, Кыргызстандын элчиси биз жиберген катты “корей тилинде жазылбаптыр” деп артка кайтарып салды. Эки тараптуу кызматташууну камсыздаганга элчилик милдеттүү. Ошондуктан элчиге бир чара көрүп коюңуздар”,- деди депутат.

Айта кетсек, Дүйшөнкул Чотонов 2011-жылдан бери Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси болуп иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан