Кыргызстанда айрым өкмөт өкүлдөрүнө, мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жана эскертүү берилди. Мамкызматкерлердин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөттүн жыйыны 19-сентябрда өтүп, анда план аткаруудагы кемчиликтери үчүн бир катар кызматкерлерге премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан чара көрүлдү.
Эскертүү алгандар:
Айыл чарба жана мелиорация министри Айдаралиев Т.А.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Шаикова А.К.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Атажанов С.С.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Арбаев С.А.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Жунусов А.О.
Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Карагул уулу Жакып.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Калматов Н.Т.
Сөгүш алгандар:
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Нурбашев Т.И.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Дүйшеев Н.А.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Сатымбаев А.