Депутаттар Кыргызстандагы бензиндин сапатын текшерүү зарыл экенин айтышууда

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин маянасын реалдуу түрдө көтөрүү керектигин билдирди. Айтымында, мугалимдердин айлыгы мурункудай деңгээлге түшүп калды. "Мурда мугалимдердин маянасын көтөрдүк дегенибиз менен, аныбыз популисттик кадам болуп калыптыр. Эми бул кадамга чындап барышыбыз зарыл",- дейт депутат.

Исаков кесиптештерин өкмөт менен бирге күйүүчү майлардын сапатын текшерип чыгууга чакырды. Сатылып жаткан бензиндин курамы сапатсыз болгондуктан, автомашиналардын кыймылдаткычтары иштеп чыгып жатканын айтат. "АИ-92 бензининин сапаты АИ 80ден айырмасы жок болууда",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан