Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектеп жоктугу парламентте көтөрүлдү

Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектеп жоктугу 2-октябрда парламентте көтөрүлдү. Депутат Каныбек Осмоналиев бул конушта 250 окуучуга ылайык имаратта 1000 бала 3 смена менен окуп жатканын билдирди. "Алыскы аймактарды мындай коёлу, борбор шаардын четиндеги айылда мектеп жок. Мектепке деп жер бөлүнүп, анын котлованы казылганын көргөнбүз. Эми, айрым маалыматтар боюнча, мектепке деген жерди бербей коюуга аракеттер болуп жатканы айтылууда",- деди депутат.

Осмоналиев Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу комиссия мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү боюнча иликтөө жүргүзүп бүтүп, Жогорку Кеңештин жыйынына киргизилгенин кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан