Бөдөш Мамырова: “Социалисттик Эмгектин Баатыры Гүлсара Сулайманованын 8 миң сом пенсия аларын угуп түтөп кеттим”

Социалисттик Эмгектин Баатыры Гүлсара Сулаймановага жакшылап кам көрбөсө болбойт”,- деди депутат Бөдөш Мамырова бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Депутат кечээ Баатыр энеге жолугуп, Карылар күнү менен куттуктаганын, ушундай кадырлуу кишинин пенсиясынын өлчөмүн угуп, жаман абалда калганын айтат. “8 миң сом пенсия аларын угуп түтөп кеттим. Өмүр бою талбай иштеп, калк арасында кадыры арткан, 10 баланы тарбиялаган Гүлсара Сулайманованын ушундай абалы кабырга кайыштырбай койбойт. Уят экен. Жергиликтүү бийлик да кам көрбөйт окшойт. Өкмөт бул багытта тиешелүү чараларды көрүшү керек”,- дейт Мамырова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан