Зайнидин Курманов: “Кыргызстанда 2015-жылдын февралында абал курчуп кетиши мүмкүн”

Бишкекте 2-октябрда “Кыргызстанда украиналык Майдан орун алышы мүмкүнбү?” деген темадагы тегерек столдун жүрүшүндө саясий серепчи Зайнидин Курманов: “Кыргызстанда кыш тынч өтүп, 2015-жылдын февраль айынын башында абал курчуп кетиши мүмкүн”,- деп билдирди. Анын айтымында, буга электр энергиясы, күйүүчү майдын бааларынын өсүп кетиши жана ресурстардын азайып, жок болуп кетиши себеп болот. “Кыргызстанда бийлик алмашса да, систем ошол бойдон калат. Мурда бийлик элдин үнүн укпаса, азыр деле укпайт. Кыргызстанда украиналык Майдандын кайталанышы да, кайталанбашы да мүмкүн. Дүрбөлөңдүн болушуна экономиканын начар абалы негизги себеп болсо, Майдандын болбошуна биздин оппозициянын алсыздыгы себеп болот”,- деди адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан