Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 30-сентябрда кеңешме өтүп, кышка даярдык көрүү боюнча жумушчу топтордун көчмө жыйындарынын жыйынтыгы каралды. Премьер-министр облус башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына быйыл 15-октябрга чейин ыкчам чараларды кабыл алып, жумушчу топтордун мүчөлөрү тарабынан айтылган кемчиликтерди жоюуну тапшырды.
Өкмөт жетекчиси жумушчу топтордун жетекчилерине жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн үзгүлтүксүз көзөмөлгө алып, кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү милдетин жүктөдү. Жумушчу топтун жетекчилерине төмөнкү милдеттер коюлду:
- апта сайын премьер-министр Жоомарт Оторбаевге аймактардагы жылытуу мезгилине карата даярдык көрүүнүн абалы тууралуу маалымат берүү;
- апта сайын ЖМК аркылуу жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маселе боюнча маалымат берип туруу;
- 2014-жылдын 25-31-октябрына чейин аймактарга барып, жеринде объективдүү абалды иликтөө, өкмөттүн 2014-2015-жылкы күз-кыш мезгилине калкты жана экономика тармактарын даярдоо боюнча тапшырмасынын ишке ашырылышын текшерип жана анын жыйынтыгы тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаевге маалымдоо.
Оторбаев белгилегендей, кышка даярдык көрүү боюнча милдеттер тийиштүү деңгээлде аткарылбаган учурда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамадминистрациялардын өкүлдөрүнө карата кызматтан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт. "Калк менен кеңири байланыш болушу керек. Ал эми биз жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан кышка даярдыктын жүрүшү ыкчам жана объективдүү чагылдырылышын күтөбүз",- деди Оторбаев.
Жумушчу топтор төмөнкүлөрдү такай көзөмөлдөп турушу керек:
- калкты көмүр менен камсыздоонун жүрүшүн, анын сапатын жана баасын;
- электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча милдеттердин аткарылышын;
- электр энергиясын жылытууга пайдаланган керектөөчүлөрдүн мештерин өчүрүү графигинин аткарылышын көзөмөлдөө;
- энергетикалык тармактагы түзүлгөн кырдаал, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана ал боюнча чараларды кабыл алуу зарылдыгы тууралуу электр керектөөчүлөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- келерки жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу ЖМК үзгүлтүксүз чагылдырылып турушун көзөмөлгө алуу.