Бишкек мэриясынын алдындагы Социалдык тамактандыруу департаменти жоюлду. Тийиштүү токтом 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынганын мэрия 2-октябрда кабарлады. Маалыматка таянсак, атайын түзүлгөн ликвидациялык комиссия 1-октябрга чейин "Нан бышыруучу муниципалдык ишкананы" аталган департаменттин курамынан чыгаруу жана мекемени жоюу иштерин аяктоо чечимин кабыл алган.