Бүгүн, 2-октябрда “Кыргызстанда украиналык Майдан орун алышы мүмкүнбү?” деген темадагы тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанда төңкөрүш болбой турганын айтты.
“Украинада калктын басымдуу бөлүгү Совет доорундагыдай эмес, европалыктардай жашагысы келип калган болчу. Бийликтин өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү да муну колдогон. Бизде болсо мындай көрүнүш байкалбай жатат. Батыш баалуулуктарын кабыл алууну аз эле саясатчылар туура көрүшөт. Биздин депутаттардын көпчүлүгү президенттик бийликти, эски советтик системди колдошууда”,- деди Жээнбеков.
Мындан тышкары өлкөдө төңкөрүш болушуна тышкы күчтөрдүн колдоосу керек экендигин баса белгиледи депутат. “Кыргызстандын коңшу мамлекеттери авторитардык өлкөлөр. Биз алардан жана Орусиядын көз карандыбыз. Батыштын катуу таасири жок. Биздин күчтүү саясатчыларыбыз улам-улам Орусияга барып жатпайбы. Кыргызстанда көз карандысыз саясатчылар аз, экөө-үчөө эле, алардын бири - Өмүрбек Текебаев. Ал эми Украинадагы абройлуу саясатчылар В.Кличко, А.Яценюк, Ю.Тимошенко көз карандысыз болуп, өз ишин жүргүзүшүүдө”,- деп түшүндүрдү Жээнбеков.
Кыргызстанда абал курчуп кетсе, бул маселе саясатчылардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет деп толуктады депутат.