Депутат Абдыманап Кутушев кесиптеши Бөдөш Мамырованы сөздү жакшылап угуп, анан бирөөгө сын айтууга чакырды. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында айтты.
“Мен кечээ Жоомарт Оторбаев деп айтканымды сиздер туура эмес угуп алып, мени жемелегенсиздер. Бүгүн айткан сөзүмдүн стенограммасын карап чыктым. Эч кандай жаңылбаптырмын. Анча-мынча жакшы укпагандар кулагын тазалап жууп турушсун”,- деди какшык аралаш Кутушев.
Айта кетсек, кечээ, 1-октябрда парламент жыйынында Мамырова депутат Кутушевди "Оторбаевди "Уторбаев" деп жатасыз, туура айтыңыз" деген болчу.