Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан алуу маселесин көтөрдү. “Чиновниктер кылмыш кылганы боюнча кармалганда сот аны “күнөөлүү” деп тапмайынча прокуратура “күнөөлүү” деп айтпайт. Жакында ММКларда прокурордун орун басары “прокуратура тергөө бүтмөйүнчө, күнөөлүү деп атабайт” деп билдириптир. Прокуратура бул тууралуу эми билиптир. Биз аларга чиновниктерди кармаганда тергөө бүтмөйүнчө аны күнөөкөр катары атабаш керектигин айтканбыз. Бул эмне дегендик? Ушундай прокурордун Кыргызстанга кереги барбы өзү? Мыйзамды эми билип жаткан прокурорду кызматтан алыш керек”,- дейт ал.