Бүгүн, 2-октябрда “Кыргызстанда украиналык Майдан орун алышы мүмкүнбү?” деген темадагы тегерек столдун жүрүшүндө саясий серепчи Бакыт Бакетаев: “Кыргызстанда украиналык Майдан орун алса, анын эң коркунучтуу түрүнүн болушу күтүлөт”,- деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда төңкөрүштүн орун алышына негиздер бар. “Адистер Крым Украинадан бөлүнүп кетишин 2011-жылы “Тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынганда эле божомолдошкон. Сириядагы дүрбөлөңгө болсо жаштардын президентти жамандап баштаганы себеп болгон. Бизде экономикалык жана энергеткалык тармактагы кырдаал себеп катары саналат”,- деди адис.
“Кыргызстанда саясий активисттер бар. Алар элди көтөрүп, токтото албай калышы мүмкүн. Мисалы, күч түзүмдөрү Таласка бара жаткан активисттерди токтотуп, гезиттерин алып алышкан. Таластыктар бул гезиттерди окуп, түшүнүп чоң митинг өткөрүп кетишерине ишениш кыйын. Бирок гезиттерди алып салуу элдин нааразычылыгын күчөтөт, анткени Кыргызстанда сөз эркиндиги абдан баалуу”,- деп билдирди Бакетаев.