Кечээ, 1-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын президенти, Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Дидье Буркхальтер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Муну президенттик аппараттан билдиришти.
Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде ЕККУ алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүү швейцариялык тараптын демилгеси менен уюштурулганы айтылды.