“Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе эле баары бал-каймак болот деп айта албайм”,- деди экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында. Депутат Алтынбек Сулайманов Сариевге: “Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын товарларынын экспорту көбөйөт деп жатасыздар. Чет мамлекетке кайсы товарды экспорттойбуз? Сиз эртең Кыргызстан кыйналбайт деп кепилдик бере аласызбы?”- деп суроо салды.
Сариев кепилдик жок экенин билдирди.
Айта кетсек, депутаттар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу мыйзам долбоорлорун талкуулап жатышат.