Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан айтылган айрым көйгөйлөргө токтолду. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнун улуттук стратегиясы кабыл алынганын белгилеген спикер стратегиянын толук аткарылышын парламент көзөмөлдөй турганын айтты. "Парламент биринчи жолу Улуттук стратегияны кабыл алып берген. Ошол программанын толук аткарылышын мен дагы спикер катары, биз, парламент талап кылышыбыз керек. Ошол аркылуу гана маанилүү долбоорлор ишке ашып, мамлекет алдыга жылат",- деди Жээнбеков.
Нарын шаарындагы жолдордун абалына өкмөт көңүл бурбай жатканы боюнча сынга парламент жетекчиси буларды айтты: "Нарын – чоң өрөөндүн борбору, келечектүү өрөөн. Нарын шаары боюнча өкмөттүн программасы болуш керек. Ошол программада жолдорго качан асфальт төшөлөрү, алдыда кандай иштер аткарыларына так жооп берилиши шарт. Нарын шаарындагы үч негизги көчөнү асфальттай албаганыбыз уят. Үч же беш чакырым жолду асфальттоо өкмөт үчүн эч нерсе эмес".