Улукбек Кочкоров “Баткен эли чек араны ойлоп Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат” деди

Элдин 90 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат деп айтуудан уялыш керек”,- деди депутат Улукбек Кочкоров парламенттин 2-октябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариевге. Жогорку Кеңеште Бажы биримдигине байланышкан мыйзам долбоорлору талкууланууда. Анын айтымында, жалпы эл Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдобойт.Мен эки-үч күн мурун Баткен эли менен жолугушуп келдим. Эл "чек араны Орусия коргоп берет" деген ойдо биримдикке кирүүнү колдоп берели деп жатат. Бирок жалпы эл колдогон жок”,- деди ал.  

Жооп иретинде Сариев: “Элдин айтканын айткандан эмнеге уялышым керек? Сурамжылоодо ушундай көрсөткүч болуп жатат”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан