Депутаттар "Бажы союзуна киргенден кийин товарыбыздын баарын Орусияга жөнөтүп жиберип, кайра 2-3 эсе кымбат сатып алып калбайбызбы?" дешүүдө

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров "Бажы союзуна киргенден кийин товарыбыздын баарын Орусияга жөнөтүп жиберип, кайра өзүбүз 2-3 эсе кымбат сатып алып калбайбызбы?" деди. Депутат Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн толук камсыздай албай турганын эскертти. Экономика министри Темир Сариев бул жаатта кооптонууга негиз жок экенин айтты. "Алдын ала анализ жүргүзүлөт, чечим кабыл алгандан коркуунун кереги жок. Баарыбыз биригип иштешибиз гана керек",- деп билдирди министр.
Айта кетсек, жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан