Бажы биримдигине кирүүнүн терс көрүнүштөрү болуп калса, жоопкерчиликти өкмөт алат. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште 2-октябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралып жатат. Депутат Улукбек Кочкоров “Биримдикке киребиз деп жатасыңар, бирок биримдик терс таасирин берсе, жоопкерчиликти ким алат?" деп сураган эле.
Министр Сариев “жоопкерчилик өкмөттө болот” десе, спикер Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеш чечим кабыл алып, ага президент кол коёрун айтты.