Кыргызстан Бажы биримдигине киргени менен, экспорттук саясат өлкөнүн өзүндө калат. Муну парламенттин 2-октябрдагы жыйынында экономика министри
Темир Сариев билдирди. Министр өлкөнүн салык саясатына да Бажы биримдиги таасир этпей турганын айтат.
"Дыйкандар өндүргөн товарын каякка сатууну өздөрү чечишет. Ага кийлигише албайт. Бажы биримдиги өлкөгө кирген товарларга гана көзөмөлдүк кылмакчы",- деди Сариев.
Казакстан акыркы учурда чек арасын бекемдеп, мунун айынан Кыргызстандын өндүрүшү аксап жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, парламентте Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда.