Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралып жатат. Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди жыйынга чакырууну, анын Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жоопкерчилигин өзүнө аларын жарыя кылуусун өтүндү. “Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан кыйын абалга туш келип калышы ажеп эмес, кимдир бирөө анын жоопкерчилигин алышы керек”,- дейт депутат.
“Кыргызстан кыйын абалга кептелип калган учурлар бар. Мына, “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына өткөрүп бердик. Делегацияны Жоомарт Оторбаев жетектеген. Өлкөнүн түштүк аймагында эмдигиче газ жок. Ошондуктан Оторбаев маалымат берип, жоопкерчиликти бирөө өзүнө алсын”,- деп кошумчалады депутат.