Учурда Кытайдан кирип жаткан товарлардын 8-10 пайызы гана Кыргызстанда калып, калганы Орусия менен Казакстанга кетүүдө. Муну экономика министри Темир Сариев ЖКнын 2-октябрдагы жыйынында билдирди. Айтымында, бул процесс акыркы учурда Кыргызстан үчүн пайдасыз болуп калды. "Эртең Орусия менен Казакстан чек арасын жаап койсо, Кытайдан алып келген товарыбызды каякка сатабыз?"- дейт министр. Жыйында көпчүлүк депутаттар Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен атаандашууга туруштук бере тургандай Кыргызстандын өндүрүшү жок экенин айтышты. Экономика министри буга мындай жооп берди:
"Жок деп отура берсек, жок бойдон жүрө беребиз. Кыймылдап, аракет кылышыбыз керек. Келе турган акчаларды өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы иш орундарын түзүүгө жумшайбыз".