Алмазбек Атамбаев Эл аралык PEN-клубдун өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда өтүп жаткан профессионалдуу жазуучулардын, акындардын жана журналисттердин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун 80-мааракелүү PEN International конгрессинин катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууга Эл аралык PEN-клубдун президенти Жон Ралстон Соул, белгилүү канадалык жазуучу, "Пинин жашоосу" бестселлеринин автору Янн Мартелл, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов жана башкалар катышты.

Мамлекет башчы кыргызстандыктар үчүн өз өлкөсүндө дүйнөлүк белгилүү жазуучуларды жана дүйнөлүк адабияттын жаңы муундагы сөз чеберлерин тосуп алуу зор кубаныч экендигин белгиледи. “Кыргызстан эли байыркы тарыхка ээ, өз маданий дөөлөттөрүн бекем сактап, өнүктүрүп келет. Кыргыздын "Манас. Семетей. Сейтек" эпикалык үчилтиги ЮНЕСКОнун чечими менен адамзаттын материалдык эмес мурастарынын шедеврлеринин катарына киргизилди. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дагы өлкөбүздүн элинин сыймыгы. Улуу жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 176 тилде, жалпысынан 100 миллион нуска менен басылып чыгарылган”,- деди президент.

Жон Ралстон Соул Бишкектеги конгресс “Менин тилим, менин тагдырым, менин эркиндигим” темасында өтүп жаткандыгын маалымдады. Айтымында, Кыргызстанда өтүп жаткан эл аралык деңгээлдеги иш-чара бүт дүйнөнүн жазуучуларына учурдагы адабият жана тилдердин өнүгүүсүнүн жүрүшүн, лингвистикалык укуктарды жана ошондой эле адабият, журналистика жана жазуу эркиндигинин өз ара байланышын талкуулоого шарт түзөт.

Жон Ралстон Соул Эл аралык PEN-клубдун 1921-жылдан бери мындай конгресси алгачы ирет Борбордук Азияда өтүп жатканын кошумчалады. “Мен кыргыз элинин бай тарыхы жана маданияты менен жакшы таанышмын, “Манас” эпосун окугам. Биз ошондой эле Кыргызстанда демократияны куруу жана сөз эркиндигин бекемдөө боюнча көп жетишкендиктер болгонун билебиз”,- деди ал.

Алмазбек Атамбаев кыргыз эли байыркы көчмөн турмушунан бери дайым эркиндикти сүйгөн жана толеранттуу мүнөзү, демократия жана сөз эркиндигинин бай салттары менен айырмаланган эл экендигин белгиледи. “Ар бир адам, өзгөчө ал жазуучу жана публицист болсо, бардык маселе боюнча өз көз карашын далилдөөгө укуктуу. Биз абдан динамикалуу доордо жашап жатабыз. Адамзат абдан курч көйгөйлөргө жана чакырыктарга туш келип жатат. Бирок ар бир өлкө жана өкмөт учурдагы реалдуулук менен эсептешип, элдин кайсы бир бөлүгүнүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгындагы маселелерди чечиши керек”,- деди өлкө башчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан