Темир Сариев: "Унааларга бажы төлөмүн көтөрүүнүн 2 жолу бар болчу, биз бирин тандадык"

Кыргызстанга алынып кирген автоунаалардын бажы алымдарын көтөрүүнүн 2 жолу бар болчу, өкмөт анын бирин тандады. Муну 2-октябрда парламентте экономика министри Темир Сариев билдирип, бул боюнча депутаттарга түшүндүрмө берди. "Биринчиси - өлкөгө алынып келинген унааларга бажы алымын 2019-жылы дароо көтөрүү, экинчиси - 2019-жылга чейин акырындык менен көтөрүп баруу. Биз экинчисин тандадык, Бажы биримдигине кирүү менен биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн автоунаа алып келүүдөгү бажы алымы өсөт",- деп билдирди министр. 
Эскерте кетсек, Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү бажы алымын көтөрүүнүн биринчи этабы быйыл 22-сентябрдан баштап күчүнө кирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан