Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын волонтёрлоруна ыраазычылык билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги 7 жогорку окуу жайдын студенттеринен турган волонтёрлорго Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Кайрылууда Кыргызстан көчмөндөрдүн муундан-муунга өтүп келген өзгөчө салттарын сактап калган өлкө катары өзүн көрсөтө алганы айтылат. “Бүгүн биз биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгилигин ишенимдүү белгилей алабыз. Бул биздин жалпы ийгилигибиз! Оюндардын көркөмдүүлүгү, кооздугу жана кайталангыстыгы бул ири иш-чараны даярдоого жана ишке ашырууга өз салымын кошкон ар бир кыргызстандыктан көз каранды болду”,- дейт мамлекет башчы.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын келечеги ушундай акылдуу, таланттуу жана өз мекенинин жоопкерчиликтүү жарандарынын колунда экенин канааттануу менен белгилеп, “бардык волонтёрлорго, чыныгы кыргызстандыктарга биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө өз салымын кошкондугу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирем” деди.

Айта кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттеринен турган 300дөн ашуун волонтёр көмөктөшкөн.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан