Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар Кыргызстанда ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонбоо жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты. Ага ылайык, Жогорку Нарын ГЭС каскады сындуу ири электр энергетикалык өндүрүш ишканаларын куруу үчүн жерлерди которууга мораторий колдонулбайт. Эгерде ошол жерде жашаган жарандардын жерине ГЭС курула турган болсо, аларга башка жактан жер бөлүнүп берилет же компенсация төлөнөт. Бул Жер кодекси менен Жарандык кодексте белгиленгени айтылды.