"Республика" фракциясында "Ак-Кеме" мейманканасы боюнча маселе каралып жатат

Бүгүн, 3-октябрда парламенттеги “Республика” фракциясынын жыйынында Бишкектеги “Ак-Кеме мейманканасы боюнча маселе талкууланууда. Жыйында аталган мейманкана боюнча “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А.Ш.” деген түркиялык ишканага карыздарды төлөөгө мамлекеттик бюджеттин акчасын пайдалануу маселеси боюнча укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын маалыматы угулду.

Маалыматка таянсак, 1990-жылдардын башында Түркия Кыргызстанга 49,2 миллион доллар көлөмүндө кредит берген. Бул боюнча келишимдин мөөнөтү 2011-жылы бүткөн. Алынган насыянын жарымы коммерциялык түзүмдөргө бөлүнүп, анын ичинде “Ак-Кеме” (“Пинара”) мейманканасы да болгон. Ага 8,7 миллион доллар бөлүнгөнү айтылды. 1993-жылы каражат “Ак-Кеме” мейманканасынын курулушуна жумшалган. Аталган долбоор “Ак-Кеме” ЖАКы жана “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А.Ш.” ишканасы тарабынан ишке ашырылган. Кредиттин көлөмү пайыздарын кошкондо 11 миллион долларга чыгып, өкмөт аталган сумманы толугу менен которуп берген.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан