Бишкек шаарында 2014-жылдын 29-сентябрына карата электр энергиясы боюнча 54 309 абонентке "акылдуу" эсептегичтер коюлду. Мунун ичинен 40 614 абонент электр жарыгын 1 фаза аркылуу, 13 668 абонент 3 фаза аркылуу колдонот. Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдиргендей, "акылдуу" эсептегичтер коюлгандан кийин электр энергиясындагы жоготуулар 2 пайызга азайды. Тактап айтканда, 2014-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча жоготуулар 13,8 пайызды түзгөн (өткөн жылдын ушул мезгилинде бул сан 15,9 пайыз болгону айтылды).
2015-жылдын аягына чейин шаар аймагына жалпы 110 136 даана "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалууда.