Кыргызстанда аптасына 6 күн иштеген билим берүү мекемелери 6-октябрда кадимкидей иштейт

Кыргызстанда аптасына 6 күн иштеген билим берүү мекемелери 6-октябрда кадимки график боюнча иштейт. Муну 3-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин буйругуна ылайык, аптасына 5 күн иштеген билим берүүчү жайлар: бала бакчалар, мектептен сырткары билим берүүчү мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлары Курман айт майрамына байланыштуу 4-6-октябрь күндөрү иштебейт. "Майрам күндөрүнө туш келип, окутулбай калган сабактар башка күндөрдүн эсебинен толукталат",- деп билдирет министрлик. 
Айта кетсек, өлкөдө Курман айт майрамы 4-октябрь күнү (ишемби) белгиленет.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан