Кыргызстанда быйыл пенсияларды көтөрүүгө 450 миллион сом жумшалары айтылды

Бүгүн, 3-октябрда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев "пенсияларды көтөрүүгө 450 миллион сом жумшалат" деп билдирди. Анын айтымында, бул акча ички резервдин эсебинен алынат, бюджеттен кошумча каражат бөлүү жагы каралган эмес. "Башында пенсиялык фондго 350 миллион сом салынган, 100 миллион сому кийин кошумча изделди",- деди Соцфонддун башчысы. Пенсионерлер 10-октябрдан баштап пенсияларын жаңы баа боюнча ала башташары айтылды. 
Айта кетсек, өкмөттүн токтому менен 1-октябрдан баштап Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 250 сомго жогорулаган. Мындан кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 4600 сомду түзгөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан