Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 10-октябрда “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 3-октябрда билдирди.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору жер үлүшүнө болгон төгүмдөрдүн тарифин көтөрүүгө багытталат. Ага ылайык, жарандар буга чейин бир сотук жерге жылына 20 сомдон акы төгүп келсе, өзгөртүү киргизилгенден кийин 69 сомдон төлөп башташат. Көрсөтүлгөн тарифтин баасынын жылдан-жылга жогорулашы менен пенсиянын көлөмү көтөрүлө турганы айтылды.