Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда президент Пак Кын Хени Корея Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана колдооңуздун урматына бүгүн биздин мамлекеттердин эки тараптуу мамилеси өнөктөштүктүн жаңы этабына өттү жана эки тарапка пайдалуу болгон кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө зарыл болгон шарттар түзүлдү. Кыргыз Республикасы өз ара түшүнүшүү, урматтоо жана эки тарапка пайдалуу болгон кызматташтыкка умтулуу принциптерине негизделген кыргыз-корей мамилелеринин бекемделишине чын дилден кызыкдар экенин ырастайм".
Алмазбек Атамбаев Пак Кын Хеге бекем ден соолук, бакыт жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жетишкендиктерди, Корея Республикасына тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Кыргызстандын президенти бүгүн Германиянын президенти Йоахим Гаукту жана өлкөнүн канцлери Ангела Меркелди Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Германиянын татаал жолду басып өткөнү, бүгүнкү күндө эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири экендиги белгиленет. Мамлекет башчы бардык тармакта кызматташууга даяр экенин айтып, Германия лидерлерине бекем ден соолук, иштерине ийгилик, өлкө элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.