Ички иштер министринин негизги милдети - ички иштер органдарын реформалоо. Муну өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев 3-октябрда билдирди. Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу маанилүү экенин белгилеген премьер буларды айтты: "Мындай реформаны ишке ашыруу үчүн ИИМ менен калктын ортосунда конструктивдүү диалог болушу шарт. Милиция менен коомчулуктун ортосунда өнөктөштүк мамиле түзүлүшү керек. Жарандык коом тарабынан берилген баа силердин ишиңердин негизги критерийи боло турган моделди жайылтуу жана милициянын катарын тазалоо зарыл".
Айта кетсек, өкмөт башчы бүгүн Ички иштер министрлигинин жаңы дайындалган жетекчиси Мелис Турганбаевди жамаатка тааныштырды.