Маалыматка таянсак, 1990-жылдардын башында Түркия Кыргызстанга 49,2 миллион доллар көлөмүндө кредит берген. Бул боюнча келишимдин мөөнөтү 2011-жылы бүткөн. Алынган насыянын жарымы коммерциялык түзүмдөргө бөлүнүп, анын ичинде “Ак-Кеме” (“Пинара”) мейманканасы да болгон. Ага 8,7 миллион доллар бөлүнгөнү айтылды. 1993-жылы каражат “Ак-Кеме” мейманканасынын курулушуна жумшалган. Аталган долбоор “Ак-Кеме” ЖАКы жана “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А.Ш.” ишканасы тарабынан ишке ашырылган. Кредиттин көлөмү пайыздарын кошкондо 11 миллион долларга чыгып, өкмөт аталган сумманы толугу менен которуп берген.