Депутат азырынча Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жетишсиз каржыланып, материалдык-техникалык базасы начар экенин, алардын ишине шарт түзүү боюнча жасалып жаткан иштерди атады. "Мисалы, элчилердин маянасынан кармалып келген 10 пайыздык алым алынып салынып, үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн 30 пайыз кошумча төлөм киргизилди. Алардын пенсиясынын өлчөмүн да көбөйтсөк деген ойлор бар",- дейт депутат. Элчиликтер ижарага алган имараттарды акырындап сатып алуу чаралары көрүлүп жатканын, өз имаратында иштөө кыйла арзанга түшөрүн билдирди. "Бардык өлкөлөрдө элчилик ача берүүнүн зарылчылыгы деле жок. Айрым элчилер Кыргызстандын аймагында туруп деле иштесе болот",- дейт Иманалиев.