Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 7-октябрда кезексиз жыйын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында сот тажрыйбасында мыйзамдарды одоно бузуулар жөнүндө “Рубикон” ЖЧКсына карата Александр Рябушкиндин доосу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими каралат. Жыйынга депутаттар, бул ишке катыштыгы бар мекемелердин өкүлдөрү, журналисттер катышат.