Өкмөттө чет элдик инвестицияларды камсыздандыруу маселеси талкууланды

Өкмөттө бүгүн, 3-октябрда жеке тармакты эл аралык компаниялардын каражатынын эсебинен кредит менен камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча кеңешме өттү. Жыйынга министрликтердин, Улуттук банктын, мекеме, ишканалардын өкүлдөрү катышып, анда эки тараптуу мамлекеттик инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууга алынды. Өкмөттөн билдиришкендей, жыйында вице-премьер-министр Валерий Диль "чет элдик инвесторлорду колдоого алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу зарыл" деп билдирди. Биргелешкен фонддорду түзүү аркылуу чет элден келген инвестицияларды камсыздандыруу жолдорун дыкат иликтеп чыгуу тапшырмасы берилгени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан