Сунушталган системдин эки максаты бар: ченемдик-укуктук база канчалык деңгээлде иштээрин аныктоо жана документтердин жетимдүүлүгүн камсыздоо. “Башкача айтканда, жарандар документтер менен тааныша алгандай кылып сапатты баалоонун жыйынтыктарын ар дайым жарыялап туруу зарыл”,- дейт ал.
Айта кетсек, быйыл сентябрда Бишкек шаарында “Өнүктүрүү үчүн баалоо: ишке киргизүүдөн таасир этүүгө” аттуу конференция өтүп, анда эксперттер менен аналитиктердин, жарандык коомдун потенциалын тартууга көмөктөшүүчү системди түзүү талкууланган.