Өкмөттүн алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы болуп Санжар Мукамбетов (сүрөттө) дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 3-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Оторбаевдин башка жарлыгы менен аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Юруслан Тойчубеков кызматынан бошотулду.
Санжар Мукамбетов:
Туулган жылы - 1972-жыл, 12-декабрь.
Улуту - кыргыз.
Кесиби - экономист.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Буга чейин экономика министринин орун басары болуп иштеп келген.