2-3-октябрда Азербайжандын Баку шаарында IV Баку Эл аралык гуманитардык форуму өттү. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган форумдун ишине Жогорку Кеңештин депутат Каныбек Иманалиев баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты. Форумдун расмий ачылышында Азербайжандын президенти, форумдун тең төрагасы Ильхам Алиев сөз сүйлөдү. Андан кийин Орусиянын президенти, форумдун тең төрагасы Владимир Путиндин кайрылуусу окулду.
Каныбек Иманалиев IV Баку Эл аралык гуманитардык форумунун алкагындагы “Инновациялык өнүгүүдөгү дисциплиналар аралык интеграциянын ролу” тегерек столунда баяндама жасады.
2011-жылдан тарта форум белгилүү мамлекеттик ишмерлердин, "Нобель" сыйлыгынын лауреаттарынын, таасирдүү эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын максаты жалпы адамзаттын кызыкчылыгын көздөгөн олуттуу маселелер боюнча пикир алышуу болуп саналат.
Эске салсак, форумдун демилгечилери - Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Орусиянын президенти Владимир Путин.