Өзбекстан, Түркия жана Тажикстандын президенттери Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Муну 3-октябрда президенттик аппараттан билдиришти. “Курман айт майрамына карата сизге өзүмдүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдойм. Учурдан пайдаланып, ушул майрам күнү сизге чың ден соолук, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бейпилдик, өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”,- деп айтылат Каримовдун куттуктоосунда.

Ушундай мазмундагы куттуктоону Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолдоду. "Жеке өзүмдүн жана элимдин атынан сизди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилден куттуктайм! Кудайдан сизге ден соолук жана бакыт, ал эми дос жана боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм",- деп айтылат Түркия лидеринин куттуктоосунда.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун өлкө башчыга жиберген телеграммасында булар айтылат: "Сизди жана Кыргызстандын элин ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоо мага чыныгы рахатты тартуулайт. Мусулмандар үчүн ыйык болгон бул күнү Кудайдан баарыбызга бакыт, ден соолук жана бакубатчылык беришин суранам". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан