Жогорку Кеңештин делегациясы Францияда иш сапары менен болду

Вице-спикер Асия Сасыкбаева башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 29-сентябрдан 3-октябрга чейин Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясына катышты. Кыргызстандын депутаттары ЕКПА сессиясына Жогорку Кеңештин 2014-жылдын апрель айында ассамблеянын "демократия боюнча өнөктөш" статусун алышына ылайык катышты.

Сессияда Европа кеңешинин башкы катчысынын орун басары Габриэлла Батайни-Драгони жана башкалар менен жолугушуулар болуп, мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Миграция иштери боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Т.Мариянни менен жолугушканда тараптар 2015-жылы Борбордук Азиядагы миграция көйгөйлөрү боюнча ири конференция өткөрүүгө даярдык көрүүнү макулдашты. Чет өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттарынын көйгөйлүү маселелеринин маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргызстандын парламентчилери конференциянын ишине Казакстан менен Орусиянын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин өкүлдөрүн да катыштыруу сунушун бергени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан